www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Карылар үйү” дегенде эле көпчүлүгү муздак дубалдарды, ээн короону элестетишет. Албетте, жол карап күткөн үмүттүү көздөр дагы аз эмес. Бирок, жашоо уланат. Ал жактын кызматкерлери даталуу күндөрү карыларга арнап атайын оюн-зоок уюштуруп, азда болсо оорудан, санаадан алыстатканга жан үрөшөт. Ал үчүн таланттуу алты ападан түзүлгөн “Добуш” аттуу тобу дагы бар. Бул топтун мүчөлөрү концерттик программаларга катышып, өз өнөрлөрүн тартуулап турушат. Ооруга онтоп, тагдырга наалат айтпай, жашоого сергек көз караш менен караган Гүлжакан апа Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада Найман эненин образын жеткиликтүү ачып берген.
-- Гүлжакан апа, ден соолугуңуз, ал-акыбалыңыз жакшыбы?
-- Кудайга шүгүр. Акырындан күндөр өтүп жатат. Жылдан-жылга жашың өтүп, алдан-күчтөн таят экенсиң. Жашым деле 63кө барып калды. Оорудан алаксып, ой-санаадан арылуу үчүн кол өнөрчүлүк менен алектенем. Бала кезден оору менен алпурушуп, жаш кезде турмуш туурасында деле ойлонбоптурмун. Өмүр бою ата-энем маңдайымда турчудай эле сезилчү. Аларды деле өлүмгө кыйбайсың да. Ата-энемдин көзү өткөнүнө 17 жыл болуп калды. Андан кийин айылда жалгыз жашоо кыйын экен. Анүстүнө оорулуу адамга ошого жараша шарт дагы болуш керек дегендей. Ден соолугумдун айынан өз ыктыярым менен карылар үйүнө келип, он эки жылдан бери ушул жакта жашап келе жатам. Бул жактын шарттары жакшы, мага ыңгайлуу. Үй-бүлөдө он үч бир тууган элек, мен төртүнчүсү болом. Алтоонун көзү өтүп, азыр жетөөбүз эле калдык. Бир туугандарым деле элүүдөн ашып калышты. Ар кимиси өз турмушу менен алек. Өздөрү келе алышпаса дагы, бала-бакыралары келип, ден соолугумду сурап турушат. Жайкысын өзүм бир-эки күнгө барып эс алып, кабар алып кайтам.
-- Бул жактан медициналык кароодон өтүп турасызбы?
-- Ооба. Бул карылар үйүндө жашагандардын баардыгы медициналык кароодон өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турабыз. Бирок, мен дартка бала кезден чалдыккам. Төрөлгөндө жакшынакай эле төрөлгөн экенмин. Алтургай он бир айымда басыптырмын. Анан эле полиомиелит оорусу жабышыптыр. Кыргызча айтканда, шал оорусу, сол тарабым кыймылдабай калган. Ошону менен дарыгерлер сол жак өрөөнүмдү гипстеп, жети жыл төшөктө жатып, анан акырындык менен баса баштаптырмын. Биздин убакта медиктер абдан күчтүү болчу. Ой-боюңа койбой жетелеп бастырышчу. Азыркылар аппаратка эле салышат. Ага көнүп алсаң өз алдыңча басалбай каласың. 1984-жылы гезиттен Илизаров деген костоправды көрүп, кат түрүндө кайрылгам. Ал мени Воронцовкага жиберген. Ал жактан көп жолу операция болдум. Ошондо операцияга бербей деле койсом болмок экен. Азыркыга чейин аябай өкүнөм. Жылыш болгон жок. Анүстүнө өзүмдөн дагы кетти. Дайыма кыймыл-аракетте болуп, дарылануу керек эле. Мен аларды кыла алган жокмун. Ошол боюнча жылдан-жылга ылдыйлап эле баратат. Азыр колумду бир нерсеге жөлөп-таяп, кыймылга келтирем. Өз алдынча кыймылдоого күч жок. Басканда оң кол менен таяк таянып басам. Азыр деле дарыланып ооруканага барып, массаж алып турам. Убактылуу гана какшаган ооруну баспаса, жылыш деле жок. Акыркы беш жылдан бери полиартрит оорусу күчөп атат. Невропатолог келип бул ооруга жардам бере турчу дарыларды жазды. Анын ар бири эле 500 сомдон экен. Пенсиям болгону 1000 сом. Эч жерде иштебесем же стажым болбосо кайдан?
-- “Өнөрлүү өлбөйт” демекчи, кол өнөрчүлүктү кайдан үйрөнгөнсүз?
-- Жаш кезде тигүүчүлүк боюнча билим алгам. Бирок, ал кезде оорулуу адамдарды жумушка алчу эмес да. Негизи апам ишмер, уз адам болгон. Атам бозүйдүн жыгачтарын жасаса, апам кийиздерин камдап, сайма сайчу. Мындай өнөр мага апамдан ыроолонсо керек. Илгерки адамдар окуусу жок эле ишмер, саймачы болушкан да. Азыр эми интернет деген бар. Заманга ылайык тикмелерди ошол жактан үйрөнүп жатам. Жасаган эмгектеримди атайын жарманкеге чыгарып, сатыкка коём. Ал жактан топтогон тыйын менен кайра керектүү кездеме, жиптерди алып, ишимди уланта берем. Ошондой эле байпак токуп, сайма саям. Ар кандай кагаздар менен буюмдарды жасайм, айтор, зерикпейм. Маңдайга жазылган тагдырга баш ийбеске айла жок тура. Убагында апамдын кийим тиккен эски машинасы жанымды сактап калды. Бул жактагы аялдарга деле түймө түйүп, сайма саюуну сунуштайм. Бирок көпчүлүгү кызыкпаган соң, маани деле беришпейт. Баары эле мага окшоп оору менен алпурушкандар. Бир аз нерв болсо эле кан басымдары 200гө чейин көтөрүлүп кеткендер бар. Аларды деле кыйнай албайсың. Өзүмчө эле кыбырап оокатымды кыла берем.
Назима Жумаева
Булак: "Азия Ньюс"