www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Садыр Нургожоевичтин түрмөдөгү шартка — өз жагдайына наалыган учурлары болдубу?
— Садыр өз табияты жана тарбиясы боюнча наалый турган адамдардан эмес. Кайын атам уул-кыздарынын баарын шүгүр деп жашоого үйрөткөн. Бирок, ал да бүтүндөй прогрессивдүү кыргыз коомчулугу сыяктуу эле өзүнүн 11 жыл 6 ай мөөнөткө адилетсиз соттолгонуна принципиалдуу түрдө макул эмес.
— Сөзүбүздүн аягында кошумча эмнелерди айта аласыз?
— Айтаарым: эне катары Кыргызстаныбыздын эртеңи — балдарыбыздын келечеги ойлондурбай койбойт. Өзүм саясатчы болбосом да, элибиз белчесинен баткан сырткы карызды ойлойм. Тоолорубузду каздырып, сууларыбызды булгатып байлыгыбызды талатып-тонотуп, эл менен бийликтин экиге бөлүнүп калгандыгы катуу тынчсыздандырат. Бул абдан коркунучтуу нерсе. Ошол үчүн коомубузда ынтымак, биримдик — тынчтык болсо экен деп тилейм.
— Чыныгы мекенчилдик жакшынакай тилектериңиз үчүн рахмат, Айгүл айым!
Булак: "Жаңы Ордо"