www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айткандай шаарыбыздын суу тармагын караган мекеме барбы? Болсо, алар эмне иш менен алек болуп жатышат болду экен?

Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, борбордук көчө аталган Киев көчөсүндө, тактап айтканда айтылуу “Бишкек парк” соода борборунун так эле жанында, он күндөн ашык убакыттан бери машина жүргөн көчөнү каптап суу агып жатат . Аны көзөмөлдөгөн бирөө жарым болсо, ушул кезге чейин сууну токтотуп коюшат эле го?

Шаардын чок ортосундагы нерсеге көңүл бурулбай жатса, шаарды курчаган 47 жаңы конуштар эмне болуп жатканына ким көңүл бурмак эле?

Айлык алып, иштегенден кийин ишке кош көңул мамиле кылган кантип болсун. Балким, суу каналынын билерманынын таянганы барбы? Болбосо аракет кылат эле го? Көчөнү сууга каптатпай.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости