www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир замандын, доордун оорчулугу, кордугу бар экен. Баары жетишкен, баары өнүккөн биздин күндөрдө жан чыдагыс, жандүйнө сезимдери майтарылган кыздар бар. Учурда XXI кылыледа жашап жатабыз. Технология өтө эле өнүккөн замандабыз.

Бирок эмнеге маңкуртка, айбанга айланган адамдар кбөйүп баратат? Бул суроо журөк оорутат. Ар бир күнү болбосо да, күн аралата төбө чачты тик тургузган окуяларды эшитесиң. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристе кыздарды зордуктаган айбан өгөй аталар көбөйдү. Анысы аз келгенсип, сүттөн ак болуп чыга келгендери канча? Мындай адамдарга өтө оор жаза каралуусун талап кылалы! Ойгонолу! Жараланган жүрөктөрдү коргойлу! Жылуулук тартуулайлы! Баарынын алдын алалы!

Инстаграмдын «ayal.kg» баракчасына жарыяланган тагдыр тамчысы жүрөк оорутат.

Өгөй ата, өгөй эне дегендердин эмнеге бир типтүү образы бар?

Эмне үчүн көбүнчөсүндө (баарында дей албайм) өгөй болсо эле аёо сезими жоголуп кетет? Ал убакта мен окуучу болчумун. 15 жашта болсом керек эле. Менден эки жаш кичүү болгон Айыма деген кошуна кыз бар болчу. Экөөбүз көпсүйлөшпөсөк да, саламыбыз түз, мамилебиз жакшы эле.

Көп сүйлөшпөгөнүбүздүн себеби бар, анын өгөй атасынын катаалдыгы. Байкушту кечөдөгү балдар-кыздар менен көп ойнотчу эмес. Улуусу болгону үчүн турмуштун түйшүгүн секелек кезинен тарта баштаган. Апасы да токтоо, жоош аял эле, жолдошунун айтканынан чыкчу эмес. Айыма болсо маңдайы жайыр кыз (өгөй атасыны көргөндө эле өңү кубарып кетчү). Атасынын жумушу жок. Апасы болсо айылыбызга жакын болгон Казакстандын Тараз шаарына барып, сүт сатып күн көрүшчү.

Бир күнү апасы адаттагыдай Таразга кетип, саясий окуялардан улам чек ара жабылып, келе албай калды. Кеткенине үч-төрт күн болгондон кийин мен үйүнө казанын алып барууга бардым.

Дарбазасынан киргенде эле үйүнөн ары-бери жүгүргөн, бирөөнүн ыйлаган үнү утулду. Коркуп кетип, үйүнүн кире беришинин эшиган ачсам, ыйлап Айыма чуркап чыкты. Чачтары жулмаланып, колу-буттары көгөрүп, үстүңкү кийими бир аз айрылып калган экен.

Мени көрө калып, кайра кирип кетти. Бутумду чечип артынан кирейин десем, өгөй атасы чыгып, «жогол үйүңө! Бирөөгө айтып, бирөөнү чакырам деп ойлобогунуң!» деп кыйкырды.

Атасынын астында шымы эле бар, үстү жылаңач болчу.Жаш элемда. «Менида кармап, бир нерсе кылабы?» деп корктум. Үйгө келип, эч кимге көрүнбөй, өкүрүп, шолоктоп кечке ыйладым. Жөн эле сабадыбы же андан да коркунучтуусу болдубу, билбейм.

Бирок, оюма жа-ман нерселер келип жатты. Ошол окуядан кийин Айыма мени көргөндө кача турган болду. Кадимкидей бурулуп басып кетчү.

Ошентип, экөөбүз сүйлөшпөй да калдык. Кийинчерээк башка айылга көчүп кетишти. Арадан 7 жыл өтсө да, Айыманы эстеп жаман болом. Эмне кылып жүрөт? Каякта? Кандай жүрөт? Ошол күнү, андан кийин эмне болду? (Ошондо зордуктабаган болсо экен (!) деп тилейм). Азыркыга чейин ошол окуяны, ошол кызды, ошол өгөй атаны унуталбай келем».

Айзирек

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости