www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак халатчандарга күнөө коюлду

Электр станциялар ишканасынын башкы директору Аскар Эшимбековдун жубайы Фатима Эшимбекова, жолдошу Аскар Эшимбековдун өлүмү боюнча Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургия бөлүмүнүн дарыгерлерин айыптап, иш учурунда адам өмүрүнө кош көңүл мамиле жасап жана иштерин тыңгылытуу алып барбаганын эске алып жоопкерчиликке тартуу үчүн жогору жакка арыз жазып кайрылды.

Айткандай жолдошу Аскар Эшимбеков сокур ичеги илдетине кабылып, аты аталган ооруканада операция болуп, натыйжада 20-мартта каза болгон эле. Бирок бул оорукананын башкы дарыгери Таалай Акматов өз сөзүндө:

-Биз Фатима айымга туура түшүнөбүз, бирок учурунда Аскар мырзага колдон келген ишибизди жасап, аракетибизди кылдык - деп жооп берди.

Фатима айым дагы жөн жерден чыркырап чыкпаганына да көңүл буруп койгон оң. Анткени кээ бир ак халатчандар өздөрүнүн жоопкерчиликтүү ишине кош көңүл мамиле жасап, адам өмүрүнө зыян алып келип жатканы да кездешип келген. Канчалаган карапайым эл Фатима айымдай ак халатчандарга нааразы болуп жүргөнүн да эске алып, жогору жак ак халатчандарды катуу көсөмөлгө албаса, мындай иштер кайталана бериши да толук мүмкүн. Себеби, бардык иште кемчилик болуп келгенин да эске алган жөндүү.

Бердикожо Бийназаров

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости