www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова менен Евгения Строкова Нарын жергесинде иш-сапары менен болушту. Адегенде Нарын шаарындагы бир катар мектептердин акыбалы менен таанышты. Депутаттар барган Нарын шаарындагы атагы таш жарган Чкалов атындагы орто мектептин 1932-жылы жана 1954-жылы курулган эки корпусу эскирип, балдарды окутууга мүмкүн болбой калган. Окуучулар батпагандыктан окуу үч нөөмөттө жүргүзүлөт. Ал эми балдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Жаңы окуу корпусун куруу боюнча долбоорлор даяр болгон. Бирок, акча каражаты бөлүнбөй жаткан. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми ушул эле шаардагы №9-мектеп союз маалында соода комплекси катары салынып, кийин аргасыздан мектеп кылууга туура келген. Бирок, бул жерде балдарды окутууга ылайык эмес. Аба алмашпай дайым ным жыттанып турат. Мында иштеп окугандардын ден соолугуна зыян. №9-мектеп жайгашкан чөлкөмдүн окуу курагындагы балдары бул чакан мектепке батпай, шаардын ортосундагы мектептерге барууга аргасыз. Бул жерге мектеп салынат дегенден бери бир нече жылдын жүзү болгон. Кайрылбаган жерлери калган эмес.
Дал ушундай эле абал №10-мектепке да таандык. Бул мектеп да соода борбору катары салынган. Жаңы мектеп курулат дегенден бери жылдар жылып, айлар алмашты. Мектеп жамаатынын көктөн тилегени жаңы мектеп курулса деген тилек.
Түштөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттары А.Исмаилова, Е.Строкова электр энергиясынын тарифи боюнча «тегерек столго» катышты. Эксперттердин пикирине караганда, 2014-жылы КР Өкмөттүн токтому менен Казакстандан электр энергиясын импорттоп жаткан учурда 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн тариф мыйзамсыз. Анткени, Казакстандан электр энергиясын импорттоонун мөөнөтү бүткөн. Ал эми тарифтин мөөнөтүн узартуу боюнча жаңы токтом жок. Нарындан, Ысык-Көлдөн келген активисттер бийик тоолуу, кышы катаал региондорго 77 тыйындан бериле турган 700 кВт саатты кышкысын 2000 кВт саатка чейин көтөрүүнү талап кылышты. Депутаттар тегерек столдун катышуучуларынын айткандарын угуп, аталган маселе боюнча дагы иликтөөлөрдү жүргүзүп, Өкмөткө тиешелүү сунуштарды бере турган болушту.
Кийинки күнү депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун иш-аракеттерин оптималдаштыруу боюнча иштерин иликтөөгө алышты. Бул боюнча Нарын районунда да пилоттук долбоор ишке ашып жаткан. Анын натыйжасы кандай? Сураштырып тактоолорго караганда дарыгер аткарган ишинин көлөмүнө жараша донорлордун эсебинен кошумча айлык алууга тийиш. Дарыгер жеке өзүнүн адистешкен адистигинен тышкары да ар башка багыттагы оорулууларды көрүүгө милдеттүү. Мындай жагдай айрым дарыгерлер тарабынан башка адистик боюнча кандай жоопкерчилик алабыз деген суроолор түшүп жатканын депутаттар белгилешти. Ал эми дарыгерлер жетишпеген региондордо ансыз да дарыгерлер көп профилдүү иш алып барууга аргасыз. Жогоруда белгиленген долбоордун негизинде дарыгерлердин айлыгы жогорулаган, бирок орто медициналык кызматкерлердин айлыгы кыскарып калганы белгилүү болду.
Шайлоочулардын өтүнүчү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Е.Строкова менен А.Исмаилова Нарын районундагы Казан-Куйган айылынын ооруканасын да көрүп чыгышты. Жергиликтүү тургундар адамдар күнү-түнү дарыланып жата турган орун койдуруп берүүнү сурашты. Бир тез жардам машинасы бөлүнүп бериле турган болду.
Ал эми Эмгекчил айылында депутаттар айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Айылдын башындагы каналдын чала бүтүп туруп калганын айтышты. Сугат сууларынан тышкары, таза суу менен камсыз кылуу жагында да тартыштыктар бар экени белгиленди.
Булак: NazarNews.kg