www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул туурасында Кыргыз Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдады.

Баткенде Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим өз ара сүйлөшүштү. Анда тараптар абалды жөнгө салуу, жабылган жолдорду кайрадан ачууну макулдашышты.

Ошентип, эки тараптын ачык диалогунун натыйжасында Исфана-Баткен-Исфара-Ворух жолдору мурдагыдай эле ачылып, кадимки тартипте иштей баштады. Жаңжалдан улам Баткен шаарындагы беш жерге жайгаштырылган айыл тургундары үйлөрүнө жеткирилүүдө.

Анткени, Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган эле.

Айтмакчы, Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатак 22-июль күнү ырбаган. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары өз ара чырдашкан. Анткени, Ворух анклавнын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда, аксайлыктар буга каршы чыгышкан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок дагы атылган.

Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган эле. Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө дагы жараланган. Жолдор жабылгандыгына наарызыланган Баткен облустук акимчилигинин алдына митингге чогулушкан - дейт “Майдан. kg” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости