www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан депутат болуп келген Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович ант берип Жогорку Кеңешке кулачын жайып кирип келген.

Миллиардер Шаршенбек мырзаны көргөндө кесиптештери кубанып, кулачын жайып тосуп алды. “Былтыркыдан быйыл карый түшүпсүң”, дегендей эле бай көпөстөрдүн бири Шаршенбек мырзанын “саамайына” ак аралап карый түшүптүр. Кыргызда карылыкка жеткирсин дейт эмеспи, “бай атабыз” 100гө чыксын.

Ошентип, учурда Шаршенбек Абдыкеримовдун ЖК депутат болуп келгени Ак үйдө күбүрт-шыбырт пайда болду. Такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок, жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков креслодон тебилип, ордуна бир ай болсо дагы Шаршенбек Абдыкеримов келет экен деген сөз тарады. Кыскасын айтканда кыкеңдер, “Шакиге караганда, Даки түзүк эле”, деп олтуруп калбасаңар болду...

Эске сала кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов жалпыга маалым болгондой кыска убакыттын аралыгында 2010-жылы “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири жана бай-манаптардын алдыңкы катмарында турат. “АЮ холдинг” компаниясынын ээси, Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын башчысы.

Булак: NazarNews.org

Последние новости