www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө, транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Чолпон-Ата — Алматы унаа жолун куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Астанадагы көчөлөрдүн бирине кыргыз мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүү демилгесине көңүл бурууга чакырды.

Өз кезегинде Абылкаир Скаков Казакстан Кыргызстан менен бир туугандык мамилелерге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

Последние новости