www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президенттин ысырапкорчулукка бөгөт койгон жарлыгын колдоого алыш керек», - деди бүгүн, 25-февралда NazarNews маалымат агенттигине активист Акан Иманов.
- Акан Эрикович, президент ысырапкорчулукту тыюу максатында өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды. Бул жарлык колдоого алынабы же сынга кабылабы?
- Негизи бул жарлыкты президент туура чыгарды деп ойлойм. Анткени, жакыны каза болгон адам аза күткөндүн ордуна, мал издеп түйшүк тартат. Бул салт жакынынан айрылган адамдарга чыгым дагы алып келип, көйгөйлөрүн ого бетер көбөйтөт.
Мисалы, азыр маркумду жерге бергенден кийин көп жерлерде топурак салганы баргандар тамакка да кирбей кетип деле калышат. Азыркы жашоо, муктаждык ушундай кадамга алып бараткан.
Элүү жылда эл жаңы дегендей заманга жараша биздин коом да өзгөрүшү керек. Ашыкча чыгымдардан улам жашоосу артка кеткен үй-бүлөлөр толтура.
Ошондуктан президенттин ысырапкорчулукка бөгөт койгон жарлыгын колдоого алыш деп эсептейм.
Булак: NazarNews.kg