www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Ахмат Келдибековго ичим чыкпай, Сокени колдогонун, өткөн парламенттик шайлоодо бийлик партиясынан аттанганын көрүп, тимеле кыжырдангам. “Күн тийген жердин күкүгү боло береби?” деп. Бирок, учурда бир жагдайды байкадым", деп жазат Aryba.kg сайтына Азизбек Сарыбаев.
Ахмат Келдибековдун “Нур” телеканалынан ар кандай эксперттер чыгышып, Садыр Жапаровду сындаганын көрүп атабыз. Учурда саясый элитанын көпчүлүгү, мурдагы бийликтин жагымпоздору бийлик талапкерине өтүп кетишкен соң, каршылык көрсөткөндөр аз эле да. Курч, оппозициялык маанайдагы саясатчылар саналуу эмеспи. Мындай шартта Ахмат Келдибеков убактылуу ачык чыкпаса да, ресурстары менен тап бере баштаганы маанилүү. Жакында өзү деле кыраатын келтирип, эски досун сындап чыкса таңгалбагыла. Себеби, дух бар экенин байкатып койду. Корко турган жагдайы жок...деп кошумчалаган Азизбек Сарыбаев.