www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыймык Жапыкеев деген бар эле, Куловго окшогондор байлыкты басып алып, Садыр Жапаровко тиш салып жатса качан секирип чыгары белгисиз. Чехиянын Карлова Вары курортттук аймагында төрт жылдыздуу HOTEL VILLA RITTER 4* деген бар. Бул жер эс алуучу гана жер эмес, дарылана турган да жер. Бул отелдин наркы 4 миллион еврону чапчыйт же сомго которгондо 400 млн сом. Бул отелдин ээси Феликс Куловдун уйгур аялы Фатима Абдрасулова 1976 жылы туулган. Бул жерди жетектегендер уйгурлар, Феликс Кулов бул акчаларды кыргыз элинин терисин тескери сыйрып тапкан. Парламенттик демократияны жактагандар наристенин этин тирүүлөй тыткылап жегенден кайра тартпайт. Куловго окшогон парламенттик башкарууну жактагандар булар чыныгы коргоонусу жок наристелердин эти менен тамактанган, кой терисин жамынган карышкырлар. Булар калайык-калктын маңдай тери менен жаралган коомдук мүлккө атасынан калган мурастай кол салышып, байлыкка колу жетпей калгандарды киши ордуна көрүшпөйт. Эптеп айлыгын күндөн-күнгө созуп күн көргөндөргө, акчасы жок ай- талаада калгандарга «Адам укугунун эркиндиги» бар дешип тил безеп турушат. «Адам укугунун эркиндигине» таяшып «Акчаң жок болсо муунуп өлгөнгө эркиндигиң бар» -дешет, бирок арканды да бекер беришпейт,арканды сатышып, бир аз тыйын болсо да күрмөшөт. Парламенттик башкарууну жактагандар : «Же сен же, болбосо сени жейт» -деп ачык эле айтышат, болбосо: «Алсызды тала!» -деген алардын башкы принциби. Муну алар атаандаштык жана адамдардын укуктары деген сөз менен жаап-жашырып коюшкан. Парламенттик башкарууну жактагандар адамдардын маңдайына келип: «Адам адамга душман» -деп ачык айтышып, анысын инсандын укуктары тууралуу көбүрөөк кеп менен бекемдейт. Адамзаттын саны көбөйүп бара жатканда болуп жаткан күрөш убагында балдардын төрөлүүсү азайып бара жатканы тууралуу жана жаштардын пландуу деңгээлде бузулуп бара жатканы боюнча ооз ачышпайт. Балдар азайса азайсын балдардын керегеи эмне андан көрө роботторду жараталы деген түркөй ойго келишкен. Парламенттик башкарууну жактагандар биздин мамлекетти жыргалчылыкка алып барган жок, он жыл боюу парламенттик башкарууну жактагандардын тыткындысында калып, «чимкирик» депутаттардын таноосунан чыккан көк түтүндөр менен жашап келдик. Куловго окшогон парламенттик башкарууну жактагандарга жол жок!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg