www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Мэр 5 жаштагы апасын издеген Айдар менен жолукту

Бүгүн, 25-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 5 жаштагы Айдар жана анын апасын табууга көмөктөшкөн Назгүл Насиева менен жолугушту. Аны менен бирге баланын апасы жана издөө иштерине салымын кошкон милиция кызматкери да келди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Айдарды Бишкек шаарынан укук коргоо кызматкерлери таап алып, балдар үйүнө өткөрүлүп берилген. Угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген наристени журналист Назгүл Насиева балдар үйүнөн көрүп апасын издөөгө киришкен. Социалдык тармак аркылуу баланын үй-бүлөсү табылып, апасы Жалал-Абад шаарынын тургуну экени белгилүү болгон. 

Эми Айдар апасынын карамагында болот. Шаардык бийлик да бул үй-бүлөгө ар тараптуу жардам берүүгө аракет кылат. Бүгүнкү жолугушууда мэр баланын апасына 30 миң сом акчалай жардам тапшырды. Ал эми Назгүл Насиева менен милиция кызматкерине мэриянын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости