www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдрахманов:

Өлкөдөгү Жогорку жайлар өзүнчө эле бизнес компания. Мындай пикирди Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов билдирген. Ал  жергиликтүү маалымат булактардын бирине билим сапаты боюнча маек куруп жатканда журналисттин Кыргызстанда билим берүү тармагын бизнес катары көрсө болобу? деген суроосуна. "Бизнес! Бирок, билим берүүгө түздөн түз багытталган бизнес да",-деп жооп берген.

--"Бул боюнча Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде талаш-тартыш бар. Бирөөлөр: “Билим берүүнү бизнеске айлантпаш керек! Билим берүү таза болушу керек!” деп айтышат. А бирок, ошол эле убакта орусча айтканда “рынок образовательных услуг” деген бар. Эмне үчүн бизнес эмес?! Бизнес! Бирок, билим берүүгө түздөн түз багытталган бизнес да. Эгер жетекчиликте  менеджерлер турса, ошол бизнес чөйрөсүндө кылып жаткан ишти деле университеттер кылып жатышат. Жанагы окуу акысын айтып жатпаймынбы, ал кирешенин бир эле булагы, андан башка да булактар бар. Университеттер ошолор менен иштеп, ошондон тыйын-тыпыр таап, тиягына чаптап, биягына чаптап университетти өнүктүруп жатат да. Дагы бир нерсени айтып коюш керек. Мамлекеттик айрым уюмдар бут тосконго карабай. Мисалы үчүн кээ бир университеттер бар, политехникалык университет, медакадемиялык университет , Кыргыз улуттук университет, менин оюмча буларда мүмкүнчүлүктөр аябай көп. Ошолорду пайдаланып, технопарк ачып, анан ошол жерден пайда тапканга мүмкүнчүлүгү бар. А бирок, мамлекеттин бир буйруктары, мыйзамдары бар ошого жол бербеген. “Муну жасабайсыңар, муну кылбайсыңар, мындан акча таппайсыңар” деген. Азыр сага бир нерсени айтып коёюнчу. Мисалы биздин 80 миллион сом азыркы күндө банкта жатат. А банк ошону айлантып, бирөөгө кредит берип жатат, бирөөгө бизнес-планына бөлүп жатат, кыскасы банк пайда таап жатат. А биз ала албайбыз. Анткени болбойт. Аны мамлекет да пайдалана албайт, биз да пайдалана албайбыз, ортодо коммерциялык банктар  пайдаланып жатат. Ошол 80 миллиондун дивидендин эле алсак бизге бир топ эле акча түшмөк да. Ошолорго мамлекеттин кээ бир мыйзамдары туура келбей калат да",-деп билдирген ректор. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости