www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен спирт ичимдигинин кутучасына салынган 1 миллион доллардан ашык каражат уурдалып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Окуя туптуура 1 жыл мурда орун алса да, массалык маалымдоо каражаттарына эми гана белгилүү болду. Тактап айтканда, өткөн жылдын декабрь айында Наталья Агальцова аттуу минстрликтин кызматкери кабинетиндеги арактын кутучасында таңгакталган 1 миллион 66 миң доллар каражатты алып чыгып кеткен.

"Шектүү жана анын жарандык никедеги күйөөсү көп өтпөй кармалып суракка алынган. Сурак учурунда Агальцова таңгактын үстүндө 100 долларлык купюралар, ал эми алды жагында 1 долларлык купюралар бар болгонун билдирген. Ал муну көргөндө коркуп, акчаны алып чыгып кеткенин айткан. Бирок ал эмне себептен эрежени бузуп, атайын комиссиянын катышуусу жок таңгакты ачканын түшүндүрө алган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Агальцованын жарандык никедеги күйөөсүнүн статусу көп өтпөй шектүүдөн күбө деп өзгөртүлгөн. Ал эми өзү болсо ушул жылдын август айына чейин тергөө абагында кармалып, андан кийин үй камагына чыгарылган. Жоголгон акчалар кайда кеткени азыркыга чейин белгисиз. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости