www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабакта элдешүү жараяны күчүнө кирээри маалым болду. Бул тууралуу АКШ, Армения жана Азербайжандын билдирүүсүндө айтылат.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Армения жана Азербайжан ТИМ башчылары менен жолуккан.

Тараптар октябрда эки жолу элдешүү жараянын жарыялашкан. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бири Москвада өткөн. Бирок жарашуу шарттары сакталган эмес.

Жекшембиде Азербайжан президенти Ильхам Алиев Губадлы шаары бошотулганын билдирген.

Эгер бул маалымат тастыкталса, бул 1990-жылдардын башынан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп, сентябрда башталган салгылаштан кийин Азербайжандын колуна өткөн төртүнчү район борбору болуп калат. Бул район борборлорунун баары Тоолуу Карабак аймагынын тышында жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости