www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул туурасында Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц айтканын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды.

"Россиянын тоңдурулган акчаларынын эсебинен пайыздык үстөгү менен кайтарып алуу үчүн европалыктардан аларга карызга акча берилип жатканын көрүп турабыз. Америкалык салык төлөөчүлөр да өз салымдарынын бир топ бөлүгүн кайтарып алууга татыктуу деп эсептейбиз", — деген ал.

Уолтц муну менен катар эле америкалык администрациянын АКШнын экономикалык демилгелерине Киев бийлигинин кылган мамилесинен улам көңүлү калганын белгилеген. Анын айтымында, Киев сунуштарды карап көрүүнүн ордуна Вашингтонго "айбат көрсөтүп" жооп кылды.

"Президент буга чыдабайт", — деген кеңешчи.

Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.

14-февраль күнү Washington Post гезити конгрессмендерге таянуу менен америкалык аткаминерлер Мюнхенде Зеленский менен жолугуп, АКШга Украинанын казып алына элек минералдык ресурстарынын 50 пайызын алууга укук берген документке кол коюуну сунушташкан. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске кол коюудан баш тартканын айтканын жар салган.

Последние новости