www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Украина жаратылыш ресурстары боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Американын Финансы министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

"Вашингтон менен Киев 30-апрелде биргелешкен инвестиция жана реконструкция фондун түзүүнү макулдашышты. Бул Украинанын коргоонуусуна америка элинин көрсөткөн олуттуу каржылык жана материалдык жардамынын белгиси болуп саналат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Келишимдин алкагында Украинадагы жер ресурстарын казып алууга жана аны иштетүүгө инвестиция сала турган эки тараптуу фонд түзүлдү.

Американын финансы министри Скотт Бессент минералдар боюнча келишим Россияга АКШнын Украина кризисин жөнгө салууга умтулуусун тастыктайт деп эсептейт.

Өз кезегинде Украинанын вице-премьери Юлия Свириденко Вашингтон менен Киевдун укугу ресурстар боюнча келишимде тең экенин айтты. Ал инвестициялык фонддун кирешеси он жылга чейин бөлүнбөй турганын кошумчалады.

Келишимдин негизги шарттары:

Жаңы түзүлгөн фонд ресурстарды казуу жана аны иштетүүгө инвестиция жасайт;

Инвестиция Украинага гана жасалат;

АКШ инвестициялык фондго акча салса болот, бул Украинага көрсөтүлүүчү жаңы жардамдардын алкагында да жасалышы мүмкүн;

Инвестфонд Жер казынасы боюнча долбоорлор чөйрөсүндөгү жаңы лицензиялардын кирешелеринин эсебинен толукталат;

АКШ келишими Жогорку Раданын ратификациясынан өтүшү керек.

Буга чейин АКШнын финансы министри Скотт Бессент Вашингтон Украина менен минералдар боюнча келишимге шаршембиде эле кол коюуга даяр экенин билдирген. Бирок Украина акыркы мүнөттөрдө өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Шаршембиде FT гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып, Украина келишимдин шарттарын карап чыгууга аракет кылганы үчүн эки тараптын сүйлөшүүлөрү аяктабай калганын жазган.

Басылма келишимге кол коюлбай кала жаздаганын, Бессент украиналык делегацияны же кол коюу, же "ушул бойдон кайтуу" талабын койгондон кийин гана иш бүткөнүн белгилеген.

Последние новости