www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Нигердеги төңкөрүш аракетин айыптайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшемби күнү, 27-июлда өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.
"Кошмо Штаттар Нигердин конституциялык түзүлүшүн күч менен кулатуу аракетин айыптайт жана биздин өнөктөштүгүбүз демократиялык башкаруунун сакталышына көз каранды экенин баса белгилейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Блинкен ошондой эле Нигердин президенти Мохамед Базум менен сүйлөшкөнүн жана өлкөнүн “демократиялык жол менен шайланган” лидерин колдой турганын кошумчалады.
Ошол эле учурда, буга чейин, 26-июлда АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Ведант Пател козголоңчуларды Нигердин президентин тезинен бошотууга жана “мыйзам үстөмдүгүн урматтоого” чакырган.
«Биз демократиялык жол менен шайланган президент Базумду колдойбуз жана бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу аракетин кескин айыптайбыз», - деди ал брифинг учурунда.
Булак: NazarNews.kg