www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Каржы министрлиги Орусияга санкциялардын алкагында камакка алынган батыштагы эсептеринен мамлекеттик карыздарын төлөөгө тыюу салды. Бул тууралуу 5-апрелде Reuters агенттиги кабарлады.
4-апрелде Орусиянын облигациялар боюнча 636 миллион долларлык карызын төлөө мөөнөтү келген. Вашингтондун бул тыюусуна чейин Москва карыздарын тоңдурулган эсептериндеги каражаттан төлөө мүмкүндүгүнө ээ болчу. Эми аны АКШнын бийлиги менен Европа өлкөлөрү чектөөгө ала элек резервдеринен төлөөгө туура келет.
Жаңы чектөөлөр Москвага санкциялык басымды күчөтүүнүн алкагында киргизилди. "Орусияга баалуу долларлык резервдеринин азаюусун же дефолтту тандоого туура келет", – деп билдирди АКШнын Каржы министрлигинин өкүлү. Анын айтымында, карызды башка резервдерден төлөө – Орусия бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү бир нече беренелерди, анын ичинде армияны каржылоону кыскартат.
The Bell басылмасынын эсебине ылайык, орус Борбордук банкынын батыш эсептеринде 380 миллиард долларга чейинки каражат тоңдурулган болушу мүмкүн. Орусиянын Каржы министрлиги бул сумманы 300 миллиард доллар деп баалап жатат. Бул санкциялар киргизилгенге чейинки Орусиянын жалпы валюталык резервинин дээрлик жарымын түзөт.
5-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин валюталык карыздарды "дос эмес өлкөлөргө" орус рубли менен төлөөгө мүмкүндүк берген жарлыкка кол койгон. Эгер келишимде мындай төлөө жолу каралбаса жана кредиторлор рублге макул болбосо, анда Орусия үчүн кайра эле дефолт коркунучу бар. Мындан тышкары Москва чет өлкөдөн карызга акча алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Орусияга каршы соттук жараяндар башталышы ыктымал.
Булак: NazarNews.kg