www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ:

Москвада майрамдык маанай, ал эми Россиянын президенти Владимир Путин жылды жеңиш менен аяктап жатат. Муну америкалык Washington Post басылмасынын баяндамачысы Франческа Эбель жазганын РИА Новости билдирди.

"Украинага бериле турган Батыштын жардамы Киевдин ийгиликсиз контрчабуулунан кийин Вашингтон менен Брюсселде туруп калып, кырдаал туңгуюкка кептелген мезгилде Россия Украина аймагынын 30 пайызын ээлеп, ал эми президент Владимир Путин 2023-жылды жеңиш менен аяктап жатат", — деп айтылган макалада.

Эбелдин айтымында, Москвада "жанданган майрамдык маанай", жүздөгөн россиялык "Щелкунчик" балетине билет алуу үчүн кезекте турат.

Материалда Россия президентинин эл аралык сапарларын жаңылап Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмирлигине барганына токтолушкан.

Кечээ Путин Коргоо министрлигинде өткөн коллегиялык жыйында Россия атайын операцияда коюлган максатынан кайтпастыгын жана керектүү деп эсептеген кадамдарын жасай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости