www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыккан «Pfizer» жана «BioNTech» эмки айда Америкада жана Европада өздөрүнүн вакцинасына тез арада уруксат ала алышат. Вакцина 95 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү жана эмдөөдөн кийин адамга олуттуу терс таасирлери тийген жок. Бул тууралуу кечээ, 18-ноябрда дары-дармек өндүрүүчүлөр билдиришти, деди «Рейтер» агенттиги.
Вакцина ар кандай курактагы жана этностогу адамдарга бирдей жардам берет деп айтылды. Америка вакцинаны колдонууга декабрь айынын ортосуна чейин уруксат бере алат, деди «BioNTech» ишканасынын жетекчиси Угур Шахин «Reuters» агенттигине. Анын айтымында, Евобиримдиктеги өлкөлөрдөн декабрдын экинчи жарымында уруксат ала алат.
«Эгер баары жакшы болсо, мен декабрдын экинчи жарымында макулдук алып, вакцинаны Рождество майрамынын алдында жеткирүүнү баштайбыз деп айта алам», - деди ал.
Американын бийлигинин айтымында, чечим «Pfizer» ишканасы вакцинага болгон баасын айткандан кийин жети күндөн он күнгө чейин кабыл алынат жана мамлекет вакцинаны таратууну 24 сааттын ичинде баштоого даяр.
Бул ишкананын коронавируска каршы вакцинасы 65 жаштан өткөн адамдарды коргоодо 94 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.
Ливерпуль университетинин фармакология бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Эндрю Хиллдин айтымында, быйыл 25 миллион адамды коргоого жетиштүү 50 миллион доза вакцина чыгарылса, 2021-жылы 1,3 миллиард дозага чейин вакцина чыгарууну пландап жатат.
«Pfizer» шаршемби күнү Бразилияны 2021-жылдын биринчи жарымында миллиондогон дозалар менен камсыз кылууну сунуштаганын билдирди. Ошондой эле Евробиримдик, Германия жана Япония менен макулдашууга ылайык келерки жылы келишим түзүлөт.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча башкы кызматкери Майк Райандын айтымында, эмдөө бүткүл дүйнө жүзүнө жеткенге чейин кеминде 4-6 ай убакыт кетет.
Булак: NazarNews.kg