www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Б.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны катышкан жол-транспорт кырсыгы боюнча буга чейин жарыяланган маалыматтарга төмөнкүлөрдү кошумчалайт.
Министрликте аталган жарандын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жаран Б.Б.нын өзү менен байланыш түзүлдү. Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө консулдук-укуктук консультация өткөрүлүп, андан аркы аракеттер боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Б.Б. кармалып турган акыркы жай такталган соң, консулдук жолугушууну өткөрүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлеринин баруусун уюштуруу пландалууда.
Министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси кырдаалга өзгөчө көз салып, жарандын туугандары менен байланышта болууда жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон консулдук-укуктук көмөктү көрсөтүүдө.