www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда 21-сентябрда Украинанын президентти Владимир Зеленский президент Жо Байден менен жолугушканда Вашингтон убада кылган 325 млн долларлык жаңы аскердик жардамдын алгачкы партиясы Киевге жеткирилди.
Америкалык "Абрамс" танктарынын биринчи партиясы Киевге келгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский тастыктады. Канча танк келгени айтыла элек.
Жалпысынан, Пентагон Украинага бул үлгүдөгү 31 танк, башкача айтканда, бир батальонду берери кабарланган. АКШнын акыркы аскердик жардам пакеттеринде "Абрамс" үчүн ок-дарылар да бар.
Бирок Россия бүгүнкү күндө Украинанын асманын, Азов жана Кара деңизге чыккан аймактарын толугу менен көзөмөлдөп жатат. Россиянын абадан коргонуусунун натыйжалуулугунан улам Украина жердеги бутага абадан сокку ура албайт. Буга байланыштуу жөө аскерлердин жана бронетехниканын илгерилешине колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Демек, асманда аскердик күч, колдоо болбосо, Америка берип жаткан "Абрамс" танктарынын потенциалын толук колдонуу мүмкүн эмес.
Мындан улам, аскер эксперттери Америка берип жаткан кымбат баалуу танктар бул жөн гана чыгым, металлолом болчу ысырапкорчулук деп баалашууда.
Булак: NazarNews.kg