www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Дордой” соода-базары комплексинин аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстан Республикасынын базарларына оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган.
Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Н.А.Ж. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg