www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын иммиграциялык абагында Кыргызстандын жараны коронавируска чалдыккан. Буга байланыштуу ал Мексикадан жана Никарагуадан келген мигранттар менен бирге АКШнын иммиграция жана бажы администрациясын сотко берген. Бул тууралуу WFAA каналынын сайтында кабарланды.
Аталган арызда Техас штатынын Форт-Уорт шаарына жакын жайгашкан федералдык иммиграциялык абагында кармалган 11 киши бошотулбаса, аларга ооруп калуу жана өлүм коркунучу туулат деп айтылат.
Арыздагы доого ылайык, иммиграция жана бажы кызматкерлери 80ден ашык адамды Альварадодогу Prairieland СИЗОсуна коопсуздук чараларын көрбөстөн жөнөтүшкөндүктөн, алардын айрымдары COVID-19 илдетин жуктуруп алышкан.
"Бул иммигранттар коронавируска чалдыккандар катталган Нью-Йорктогу жана Пенсильвания штатындагы эки түрмөдөн Техас штатына алып келинген", - деп айтылат арызда.
Федералдык соттун жума күнү берген билдирүүсүндө, иммигранттар өлүмгө дуушар кыла турган коронавируска медициналык жактан алсыз экендигин айтып, аларды Альварадонун жарандык тергөө абагынан бошотуу сунушу менен сотко кайрылышкан.
Сотко кайрылгандардын арасында Кыргызстандын жараны Канат Умарбаев да бар. Жубайы Бегай Өмүралиеванын айтымында, алар күйөөсүн алып кеткенге чейин анын ден соолугу жакшы болчу.
«Борбордо тийиштүү медициналык жардам жок. Ал жак концентрациялык лагердегидай», - дейт ал.
Умарбаев 2000-жылы АКШга келип, башпаанек сураган. 2003-жылы ага каршы мас абалында унаа айдаганы үчүн эки кылмыш иши козголуп, ага башпаанек берүүдөн баш тартылган жана сот аны депортациялоого буйрук берген.
47 жаштагы Умарбаев 2019-жылдын август айында камакка алынган, бирок анын үй-бүлөсү депортацияны алардын иши каралганга чейин создуктуруп турууга жетишишкен.
Булак: NazarNews.org