www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районунун борбору Кербен шаарында кишилер чогулуп, акимди кызматтан кетирүү боюнча сүйлөшүп жатканда чыр чыкты. Чогулгандар эки тарап болуп мушташа кетишкен, арасында жабыркагандар бар.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев билдирди.

Бүгүн, 7-октябрда эртең менен райондук администрациянын алдына болжол менен 500дөй адам чогулган. Топтолгондордун арасында пикир келишпестик чыгып, бир тарабы акимди «кызматтан кетсин» десе, экинчи тарабы «анын кызмат орду мыйзамдуу жол менен каралсын» деген пикирин айткан.

Ошол себептен тараптардын ортосунда чатак чыгып, атчан кишилер да ага кошулган.

Окуядан жабыркаган алты жаран райондук ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө биринчи медициналык жардам алып чыгып кеткен.

Калган үч жаран сынык-жарак бөлүмүндө жатышат, биринин абалы оор экенин райондук бейтапканынын башкы дарыгери Медербек Осмонов билдирди.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, окуя учурунда эки тарапты ажыратыш үчүн белгисиз жаран ок атуучу куралдан асманга үч жолу аткан. Тополоң 2020-жылдын 7-октябрь күнү Аксы райондук милициясында Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда окуяга катышуучуларды жана уюштуруучуларды аныктоо максатында ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Чырдашып жаткандар райондогу Кербен шаарынын жана Ак-Дөбө айылынын айрым жашоочулары экени айтылды.

Азыр Аксы районунун борборунда акимди кетирыш үчүн чогулгандар тарап кетишкени кабарланууда. Район акими өз каалоосу менен иштен кеткенин элге жарыялаганы тууралуу кабар тарады. Аким Эсеналы Ормоналиев бул маалыматты четке какты, бирок топтолгон эл тарап кеткенин ырастады.

Бишкекте абал дагы деле тынчый элек. Улуу муундун өкүлдөрү жаштарды тынчтыкты сактоого үндөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости