www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  бардык жарандарды тартипти сактоого чакырат. 

«Өлкөдөгү  учурдагы саясий кырдаал өтө туруксуз жана өтө курчуп кетти. Бул кризистен чыгуу - бул биздин жалпы максатыбыз. Баардыгыбыз өлкөбүздүн келечеги, балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечеги үчүн тынчсызданабыз. Биз сиздердин ар бириңиздерге кайрылабыз жана   сөздөрдү   баарыңар угат деп  үмүттөнөбүз. Азыркы учурда   кырдаалды турукташтыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүбүз  зарыл. Бардыгынан сабырдуулукту жана өз жарандарына жана бир туугандарына урмат көрсөтүүнү, жакындарыбыздын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого жана коргоого чакырабыз.   Чагымчылдыкка алдырбоо, толук кыйроо жолу менен баруучу  караңгы күчтөрдүн жетегине түшпөө керектигин эскертебиз», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости