www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия учурунда Тилек Токтогазиевга жардам сурап чалганына өкүнгөнүн айтып, Азиза Абдрасулова Фейсбук баракчасына жазды.

"Тилек Токтогазиев деген жигит тууралуу коп нерсе айтылып жатат. Бироо билип айтат, бироо билбей айтат. Мен билгеними айтайын. Ал жигит биздин Кырман айылында жашайт. Июль айында, карантин күчөп турганда биздин айылда оору күчөп кетти.  ФАП жабылып, медиктерибиз бүтүндөй обсервацияга кетишип, укол, капельница жасаганга медик жок айлабыз куруду. Срочно стационар ачыш керек деп чечтик. Мечитибиздин имамы мечитти бошотуп берди. Бирок, көп нерсе жетишпей, защитный средстволарга муктаж болдук. Ошол кезде, Тилек Токтогазиев тияк-биякка жардам берип жатканын угуп, атайын байланышсам "Уктап жаттым эле" деп койду. Кийин кайра чалдым. " Алло" деп өчүрүп койду. Үмүтүм үзүлбөй кайра чалсам жакшылаап бир жакка жиберип койду. Ушундай.  Умут кылып, айылдашыбыз деп улуу башымджы кичүү кылып  чалганыма окүнөм. Бирок, жакшы адамдар бар экен. Эмиль, Евраз, Сейтек, Мирлан, Гулзана деген уул - кыздарыбыз колдон келген жардамын беришип, айыл эли үйүмө акча жыйнашып, алыскы Прагада жашаган бир журналист балабыз жардамын жиберип айыл элибизди сактап калдык. 

Жаман көрбөгүлө. Болгон чындык".

Азиза Абдрасулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости