www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Адил Турдукулов бүгүн фейсбукта Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн өлкөнү улут аралык чатактын, уурулуктун жана мародерлуктун иримине кириптер кылган деп айыптап пост жазган.

- Мен Атамбаевге каршы бардыгынын айыптоолорун угууга даярмын, бирок бир гана аны бийликке алып келген “Убактылуу өкмөт” дегендин мүчөлөрүнөн эмес. Силер баарыңар, ар бириң өлкөнү улут аралык согуштун иримине, жапырт уурулукка жана мародерлукка кириптер кылганыңар үчүн айыптуусуңар. Эми бизге жашоону үйрөтүүчүлөр силер эмессиңер. Люстрацияны талап кылабыз!

Дагы бир жарандык активист Эдил Байсалов бул постко “Сен Текебаев үчүнсүң го?” деген кыска-нуска пикир жазса, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев кескин жооп кайтарган.

-Акыры кантсе да бет капсыз жүргөн жакшы. Болгону бир гана нерсе түшүнүксүз болууда, Адил люстрацияны Президент Жээнбековго каршы кантип колдонгусу келет? Ал деле Убактылуу өкмөттүн алдыңкы тизмесиндеги мүчөсү эмеспи, Атамбаевди апрель ыңкылабынан кийинки жылдарда колдоп жүргөндөрдүн тизмесинде да аягында эмес болсок керек эле. Мында кооптуу учурларда кайдадыр бир кардондун артында күн кечире туруп, кийин кандуу режим кулагандан кийин баатыр болуп чыга келген ар кандай “куйруктарды” да люстрациялоо керек болот. Жана кандуу режим үчүн иштеп, буту-колдору менен колдоп, берилгендик менен кызмат кылып жүрүп, эми болсо сөз эркиндиги үчүн күрөшүп чыга келгендерди дагы. Ушул тууралуу да ойлон. Анткени, кандайдыр бир иштиктүү нерсени сүйлөгөнгө сен эле укуктуу эмессиң да... болгондо да башкаларды жашоого үйрөтүүгө, сен өз башыңды жана балдарыңдын баштарын тобокелге салган эмессиң... Азыр да тобокелге салбайсың деп ойлойм, бул сага мүнөздүү эмес...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости