www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Чүй облусунун бир катар райондорунда Сагынбек Абдрахманов КСДПнын жыйынын уюштуруп, Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүү вазыйпасын аркалап жүргөнү белгилүү эле.
Кезек эми Аламүдүн районуна келгени, алдыдагы майрамдардан кийин КСДПнын кыйындарын Арашан айылындагы маданият үйүнө чогулта турганы, так ошол жерден катуу сүйлөп, «КСДПдан Атамбаев кетсин!» деп ураан чакырышары белгилүү болду.
Мындай күтүүсүз чакырыкка Атамбаев унчукпай калабы? Реакция кылышы мүмкүн. Арашандыктар Атамбаевди кодлошобу, же Абдрахмановдубу? Жай саратандан бери тынчыбаган Саке саясый сахнаны эми кызытканы калды окшойт...
Булак: “Азия Ньюс”