www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгисиз адам акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кызынын артынан түшкөн. Бул тууралуу ал акыйкатчы «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.
«Азыр эле кызым кечээ кечинде аны мектептен үйүнө чейин белгисиз адам аңдып келгенин билдирди. Ал жолдун бир бөлүгүн классташы менен басып өткөн. Артынан адам келе жатканын байкаганда классташынын жанына чуркап барган. Жолдун бир бөлүгүн чуркап барып, "подъездге" кирүүгө үлгүргөн. Эркек жаран аны эшикке чейин ээрчип барган», - деп жазган Абдрахматова.
«Варшавада жүргөндүктөн достор аркылуу милицияга болгон окуяны билдирүүгө туура келди. Улуту, болжолдуу сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн. Кызымдын мага биринчи айткан сөзү: «Апа, мен юбка кийип жүргөн элем», болду. Юбка кийүү чындап эле жаманбы? — деп жазган акыйкатчы.
Акыйкатчы жарандарды балдарга сак болууга чакырды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын кийинчерээк билдирүүгө убада берди.
Булак: NazarNews.kg