www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин коронавирустук пандемия башталгандан берки биринчи чет элдик сапарын Орусияга эмес, Казакстанга жасоо чечимине комментарий берди.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Кытай лидеринин чечимине таарынбаганын билдирди. Песковдун айтымында, союздаштар менен кошуналардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн кубаттайт.

Ал кошумчалагандай, Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин ыктымал жолугушуусу кийинчерээк, Өзбекстанда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда белгилүү болот.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 14-сентябрда Нур-Султанга мамлекеттик сапар менен барат. Сапардын алкагында кызматташуу келишимдерин түзүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости