www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи элдик курултайдын мүмкүн болгон жыйынтыгы 25-ноябрга чейин жыйынтыкталса, Акылбек Жапаровдун өкмөтү отставкага кетиши мүмкүн. Бул тууралуу саясат таануучу, “Ой ордо” эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. 

"Кыргызстанда 2000-жылдардын башынан бери эле Курултайды жалпы элдик орган кылуу аракетин көрүп келишет. Бул да биринчи президент Аскар Акаевдин демилгеси болгон. Ал 2002-жылы Курултай өткөргөн, бирок бул окуя оппозициялык ММКлар ошол Акаевдин Курултайына аксакалдар чогулуп, бийликти мактап, ошол кездеги президентке өлкөнү мындан ары да жетектөөнү сунуштаганын жазганы менен бүткөн. Чындыгында Курманбек Бакиевдин тушунда тарых ошол эле сценарий боюнча кайталанып, ал жерде дагы оппозиция ошол Курултайды күчтүү аксакалдардын, ошол эле коомчулуктун өкүлдөрүнүн жыйыны деп атады. Ошондуктан, бул элдик жыйынды жандандыруу боюнча дагы бир демилгени коомчулук эми кандай кабыл алат деп айтуу мен үчүн кыйын.

Баардыгы ал жакка өкүл боло турган инсандарга, шайлоо механизминин өзүнө жараша болот. Садыр Жапаров жеке социалдык тармактарга жазып, Курултайга талапкерлерди тандоого кийлигишпөө боюнча мамлекеттик органдарга тапшырма берди. Президент албетте түшүнөт, “эл арасынан ким тандалса - бул иш-чара ошого жараша бааланат”. Элдик Курултай өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына жооп берген бүтүндөй аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө “эл үнү” катары өз алдынча баа бере турган түзүм катары керек болсо керек. Бирок, менин түшүнгөнүм боюнча, укуктук механизмдер, мыйзам жок – Бул Курултай кандай иштейт? Ал кандай функцияларга ээ болот?

Ооба, президент Курултай өкмөткө, премьер-министрге ишеним көрсөтпөсө, алар отставкага кетүүгө аргасыз болорун убада кылды. Бирок бул укуктук механизм кантип ишке кирерин түшүнүшүбүз керек. Өкмөт башчынын кызматтан кетиши Курултайдын биринчи резонанстуу чечими болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм, анткени Акылбек Жапаров ансыз деле бир топ кооптуу абалда. Ошентип, алар чогулуп, ишенбөөчүлүк көргөзүп, Акылбек Жапаров жана анын командасы кызматтан кеткен прецедент болот. Курултай коомдун каалоосун билдирүү деген көз карашты бекемдөө үчүн ушундай сценарий болушу мүмкүн. Эгерде чиновник жакшы иштебесе, анда кетсин. Бирок, азыр бийликтин ишмердүүлүгүнө дүкөндөрдөгү баалар көбүрөөк таасир этүүдө. Дегеле Курултайды аймактарда коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү социалдык-экономикалык абалга баа берүүдөн баштап, пикирлерин айтуудан баштоо керек, ошондо гана бул позициялардын бардыгы республикалык деңгээлде жыйынтыкталат", - дейт эксперт Игорь Шестаков. 

Эске салсак, үч айдын ичинде түзүлө турган Кыргызстандын биринчи “Элдик Курултайы” 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Тийиштүү жарлыкка жакында президент Садыр Жапаров кол койду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости