www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Талдыкорган облусундагы педофил 20 жылга эркинен ажыратылганын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Талдыкорганда 13 жаштагы өгөй кызын кордогон деп айыпталган 49 жаштагы жаранга карата тергөө амалдары аяктап, өкүм чыгарылды. Өспүрүм өгөй атасы тарабынан бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылганы такталып, бул кылмыш ишинин материалдары менен далилденип, өкүм чыгарууда эске алынган. Айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Соттолгон жаза мөөнөтүн өзгөчө кырдаал режиминдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Окуя 2021-жылдын ноябрында белгилүү болгон, кыз атасынын куугунтугунан жана зордук-зомбулуктан улам өз жанын кыйгысы келгенин социалдык тармактарга жазган. Андан соң апасы милицияга арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости