www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде министрлер кабинетинин мамлекеттик бюджетти көбөйтүү боюнча таасирдүү пландары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жакынкы жылдары бюджет 1 триллион сомго жетет.

"Биз бийликке келгенде бюджет 170-180 миллиард сомдун деңгээлинде болчу. Былтыр 300 миллиардга жетсе, быйыл 400 миллиарддан ашык, келерки жылы 500-600 миллиард деп пландап жатабыз. Президенттин алдыдагы үч-төрт жылга койгон тапшырмаларынын негизинде бюджетти 1 триллион сомго жеткиребиз. Бул эки жыл мурункуга караганда беш эсеге көп болот», - деди Ташиев.

Бирок УКМКнын башчысы бийликтин алгылыктуу пландарына тоскоол болууну каалагандар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

"Коомубузга азыр тынчтык жана стабилдүүлүк керек. Азыр бизге карата сындар көп, биз ага каршы эмеспиз, кызматташууга ачыкпыз. Болгону элди толкундатышпасын. Өлкөдө төңкөрүш, ыңкылап кылгысы келгендер болушун каалабайбыз», - деп кошумчалады Ташиев.

Болбосо бул адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертип, бирок окуянын мындай өнүгүшүн жактырбай турганын моюнга алды.

"Чынын айтсам, мен оппозициячыларга чара көргүм келбейт, анткени булар биздин эл, биздин жарандар. Булар биз кечээ чогуу болгондор, мен мурда көп оппозиционерлер менен бирге болчумун», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости