www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүп, зордуктоого шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Кадамжай райондук соту чыгарган.

«Прокуратура айыпталуучуну эки айга камакка алууну суранган. Тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандырды. Үчөө тең Ош шаарындагы СИЗО-5ке жайгаштырылды. Кылмыш иши башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө. Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин белгилеймин», — деди Сирожиддин Камолидинов.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости