www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлүк жаранды зордуктоого шектелип кармалган актер Чыңгыз Мамаевдин соту 12-сентябрга жылды.

6-сентябрдагы жараянда актерго каршы арыз жазган германиялык Сабрина Шуберт келбей калгандыктан, сот ушундай чечим кабыл алды.

Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жатат. Бүгүнкү отурум учурунда сот имаратынын сыртына актёрдун жакындары, кесиптештери чогулуп, ага кылмыш иши негизсиз козголгонун билдиришти.

Экерте кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу жаран үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости