www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси күнөөлүүлөрдү эң катаал жазага тартууну талап кылышты. Бул тууралуу маркумдун атасы Асан Мырзабдыллаев маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыз мектепте жакшы окуган, үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу.

«Ал жоош кыз эле. Аны мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү атып салгыла, же элге бергиле. Акыркы жолу кызым менен сүйлөшкөндө Москвада болчумун. Ал баары жакшы экенин, окуп жатканын, эч кандай көйгөй жок экенин айтан», — деди Асан Мырзабдылдаев.

Маркумдун апасы айыпталуучуну өлүм жазасына тартууну талап кылды.

«Элге бергиле, үчөөнү тең менин көзүмчө атып салгыла. Жалгыз кызымды өлтүрүштү. Мен аны менен акыркы жолу окуядан эки күн мурун сүйлөшкөм. Пирог бышырып жатканын, рецептин интернеттен көргөнүн айтан. Жекшемби күнү жумушта болгондуктан аны менен сүйлөшө алган жокмун. Кызымды өлтүрбөй эле таштап кетишсе болбойт беле?», — деди ал.

 

Последние новости