www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына маек куруп, анда "Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамынын ыйгарылышы тууралуу кеп салды.

"Эртедир-кечтир биздин сиңирген эмгегибиз бааланарын билчүмүн. Бирок бул өлгөндөн кийин гана болот деп ойлочумун, анткени адамдын тирүү кезиндеги эмгегине баа берүү кыйын. Айрыкча, биздин кыргыз коомунда бул нерсе кыйын экенин баарыбыз билебиз", -  деди Ташиев. 

Анын айтымында, бийлик 2010-жылдагы июнь окуясында анын эмгегин тааныган. Ал эки элди ынтымакка келтирүүгө, кандуу окуяны токтотууга катышканын айтты. Ошол эле жылы Жалал-Абад облусунун тургундары Ташиевдин өзгөчө ордун белгилеп, ага баатыр деген ардактуу наам берүүнү сунушташкан. Ошондон кийин ар кандай жолугушууларда облустун тургундары бул үчүн кол топтоп, Ташиевдин эмгегин таанууну бийликке кайра-кайра суранышкан.

"Эл өзү суранды. Ошентип, 12 жылдан кийин президентибиз бул эмгегимди эстеп, мага бул наамды ыйгарды. Бирок расмий сыйлыксыз деле эл өзү мага бул наамды эбак ыйгарган. Кыязы, бул Жараткандын каалоосу болсо керек", - деп кошумчалады ал.

Ташиев 2010-жылдагы кырдаалды жөнгө салууда Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева жана башкалардын да эмгеги бар экенин баса белгиледи.

"Мындай наам Ахмат Келдибековго дагы ыйгарылса жакшы болмок. Бул наамды Садыр Жапаровдун өзүнө да бериш керек. Анткени алар ошол окуяларда эрдик көрсөтүшкөн", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости