www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы Кыргызстанда абакта отурган аялдын укугу бузулганын аныктады. Акыйкатчы институту соттолгон аялдын өзүн жатак абагына которуу тууралуу арызы негизсиз четке кагылганын 8-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин аялдар колониясынын жетекчилиги Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) атайын комиссиясына соттолуучуну жатак абакка которууну сунуш кылган. Бирок атайын комиссия аны четке каккан.

Соттолуучунун адвокаты Бишкектин Свердлов райондук сотуна бул чечимди мыйзамсыз деп табуу жана анын жазасынын калган бөлүгүн жатак абакта өтөөгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот ал арызды канааттандырган эмес. Андан кийин Бишкектин Административдик соту, шаардык сот да бул чечимдерди өзгөртүүсүз калтырган.

Сот буга Кылмыш-процессуалдык кодексинде ЖАМК органдарынын аракеттерине карата арыздануулардын тартиби каралган эмес деген жүйө келтирген.

Акыйкатчы институту муну менен соттолуучунун конституциялык укугу бузулган деп эсептейт. Мекеме буга Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш аткаруу кодекстеринде даттануу тартибинин жана ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечимдеринин сотто же прокуратурада кайра каралышы боюнча жоболордун жоктугу себеп болгонун маалымдады.

Буга байланыштуу Акыйкатчы Токон Мамытов 8-декабрда парламентке аталган кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды жиберүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылды.

ЖАМК Акыйкатчы институтунун билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости