www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы таластыктардын капчыгына акча сала коюп курмандык болгондон кутулган Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мылтык көтөрүп эле түшкөн сүрөттөрүн ар кайсы соцтүйүндөргө берип калды.

Угушубузча Акылбек Жапаров кыргыздын “Кызыл китебине” түшкөн паспорту жок кыргоолдорду кырып жоготом деп кыйла кишиге убада берген имиш. Ал вассал болуп жүргөн Данияр Үсөнов “Колума курал алып бийликти коргойм” - деп жүрүп, кыргыздын жигиттерин шейит кылып кетти. Эми сюзеренни Үсөновдон таалим алган вассалы Акылбек Жапаров сыртынан кыргоол атып жүрөм деп кыялданганы менен ичинен кыргызды кырып жатам деп ойлосо керек. Кантсе, анда кыргызда байыртадан өчү бар калмактын каны бар эмеспи. Дөөлөс бийдин Миңшакек деген калмак токолунан туулгандар алжыганда чычкан уулай баштайт, 60га  толо элек Акылбек Жапаровдун кыргоол уулаганы эмнени түшүндүрөт? Бул анын эрте эле алжыганы же жакырлыкка моюн сунганы. Бирок, 9 кабат “ДАМАСы” бар, ресторанын күнүгө 100 миң сом, отелине 100 миң сом пайда берип жаткан Жапаровду жакыр деп эсептөөгө болобу?

ДАМАС –деген Жапаровдун беш жылдыздуу мейманканасы рестораны менен бар. Жапаров Кочкордо “сорок летте” орусча окугандыктанбы өзүн-өзү “Джапаров” деп атайт, логика ушул жерде, эми “ДАМАСты” чечмелейли:

Д – Джапаров;

А –Аялы;

М-Максат;

А- Асель;

С –Саадат.

Саадат деген Акаевдин кызы бар, Акылбек мырза депутат кезде койсо керек. ДАМАСы го үй-бүлөсүн түшүндүрөт экен, ал “МИС” деген малды бордоп семирткен жери эмнени түшүндүрөт жана аны атасы Үсөнбек Жапаровдун кайсы акчасына алды, бул тууралуу эмкиде кенен сөз болот.

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров: “Кыргызстан бюджеттин эсебинен жашаган чиновниктердин баарына ыңгайлуу шарт (комфорттук зона) түзүп берип койгон. Алар айлык албаса да, салыктарды казынага жеткирбей чөнтөгүнө буруп коюп жашай берет” — деп билдирип, жыл сайын 350 миңден ашуун адам бюджеттин эсебинен жан багаарын, алардын маянасына эле 72 млрд. сомдой акча кетээрин да жар салды. Шайлоо келатса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости