www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айынын башынан тартып Жалал-Абад ОИИБи тарабынан карылардан кабар алуу, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келинүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул максатта жана Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, Токтогул РИИБдин жетекчиси Замирбек Ормонов өздүк курамдын атынан КРнын ИИОнун 77 жаштагы 2 ардагеринен жана көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы 70 жаш курактагы Букенова Елизаветанын үйүнө барып кабар алышып, ар бирине 2000 сомдук күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү берип, ак батасын алып кайтышты.

Ошондой эле, Токтогул районунда жайгашкан карылар үйүнө да барышып, ал жердеги карыялардын ден соолук, ал-акыбалдарын сурашканча белек катары 7000 сомдук азык-түлүк тапшырылды. Милициянын карыларга карата көрүлүп жаткан камкордугун баалашып, ыраазы болгон карыялар көздөрүнө жаш ала кубанышып, РИИБдин жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости