www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “сыйкырдуу”, ары сырдуу бизнес өнөктөшү Субихи Пархатинин кармалышы коомчулукта резонанс жаратты. Себеби, Атамбаевдин коррупцияга шектелип жаткан кылмыш иштеринин бири дал ушул Пархатиге байланыштуу жана анын кармалышы менен эми дагы буга чейин белгисиз болгон көпчүлүк сырлардын ачыкка чыгышы күтүлүүдө. Себеби, Пархати саясатчы эмес. Ага акча үчүн эми Атамбаев эмес, өз башынын эркиндиги кымбат тураарын жакшы билет, нары али жаш. Ошондуктан ал биздин баамыбызда Атамбаев жана арам акчалар, ага байланышкан түрдүү жашыруун схемалар тууралуу мындай эле “шакылдап-сайрап” бериши толук мүмкүн.

Субихи Пархати ким деги?

Пархатинин ысымы алгачкы ирет былтыр, 2018-жылы Эдил Байсалов жарыялаган “Атамбаевдин 11 досу” аттуу иликтөөсүндө аталган. Ага чейин дегеле анын аты-жыты Атамбаев жана анын жакындарынан башка эч кимге белгисиз болчу. Бирок, кийинчерээк ал деле унутулуп калгандай болчу. Анткени менен быйыл кайра ошол эле Байсаловдун иликтөөсүнүн негизинде "Азаттык" анын атын коомчулукка алып чыккан.

Дегеле Пархати тууралуу маалымат Байсаловдун жогоруда айтылган “Атамбаевдин 11 досу” аттуу иликтөөсүнөн башка кененирээк эч жерде жок. Демек, андай болсо ошол иликтөөгө кайрадан кайрылууга туура келет.

Аталган иликтөөдө Атамбаев президент болуп турган кезде болжолдуу өзүнүн «досторунун» кызыкчылыктарын сүрөмөлөп, аларга тендерлерди утуп алууга жардам бергени жөнүндө айтылат.

Байсалов 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин дароо эле Пархати Субихи Вуфуерович деген бирөө Атамбаевдин «Форум» компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири болуп калганын жазып, "Атамбаев эмне үчүн 26 жаштагы жаш бала менен бизнес жүргүзүп жатат?, - деп суроо салат.

Андан ары юридикалык жактардын реестринде Пархати 2015-жылы сурьма кени чыккан жерди иштетүүгө конкурсту утуп алган «Хуасинь инвестициялык компаниясына» ээлик кылганы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

«Хуасинь» менен кошо конкурска «Ака минералз энд майниг» компаниясы да катышкан — бул 2018-жылы «Акылдуу шаар» долбоорунун теңата инвестору болууну каалаган компания.

«Ачык бюджет» сайтынын маалыматына ылайык, «Хуасиндин» атынан 2016-жылы акчаны Токтосун Туманбаев төлөгөн — ал «АКА Петролеум» компаниясына ээлик кылган «Терексаи Жаштары» компаниясынын директору.

«АКА Петролеум» өз кезегинде январь айында «АКА Инвест» деп өзгөртүлгөн «АКА минералз энд майнинг» компаниясына ээлик кылат.

Ошентип бир конкурска катышкан «Хуасинь» жана «АКА Инвест» компаниялары Токтосун Туманбаев аркылуу байланыштуу болуп калышкан.

Кийинчерээк, жогоруда Байсалов айткан Пархати “Форумду” түзүүчүлөрдүн бири гана болуп калбастан Атамбаев бул балага “Форум” ишканасынын 100 пайыз акциясын саттырып жибергени тууралуу маалыматтар чыгат.

Ал эми иликтөөдө “2015-жылы сурьма кени чыккан жерди иштетүүгө конкурсту утуп алган «Хуасинь инвестициялык компаниясына» ээлик кылган” дегени - миллиард долларга бааланган Терек-Сай сурма кени экени расмий эмес жарыяланат.

Кечээ жакында түзүлгөн Кой-Таш окуясы боюнча комиссия болсо, Алмазбек Атамбаевдин 2017-жыл үчүн салык декларациясында Субихи Пархатиден сатып алуудан түшкөн 54 миллион өлчөмүндө киреше көрсөтүлгөнүн, бирок Субихи Пархати документ боюнча экс-президенттен «Форум» ЖЧКсын сатып алгандыгы жасалма экенин жарыялашты. Анткени, аталган фирма башка кишиге сатылса дагы мурунку мамлекет башчы факт түрүндө фирмага ээлик кылып келген.

Кыскасы ушундай. Айтор, бу Пархати деген Атамбаевдин али аяыла элек сырларын ачып берет окшоп калды. Күтө туралы...

Маалымат үчүн:

Пархати Субихи Вуфуерович 1991-жылдын 27-майында Кара-Балта шаарында туулган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жогорку Кеңеште айткан маалыматы боюнча, анын атасы апасын өлтүргөнгө айыпталып, Казакстанга качып кеткен.

Ошол себептен Пархати Кытайдын Үрүмчү шаарында жашаган чоң ата, чоң энесинин колунда чоңоюп, кийинчерээк Кара-Балтадагы туугандарынын үйүндө жашап калган.

Документ боюнча улуту казак (айрым расмий эмес маалыматтарда кытайлык уйгур экени айтылат), Кыргызстандын атуулу.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

Последние новости