www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында “Женго” каймана аттуу белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  МАИ жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери биргеликте "Ураган" аталган рейд өткөрүп жаткан убакта номуру жок Мерседес 320 автоунаасы токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтотушкан. Анда Досонов баратканы белгилүү болгон.

“Унааны 1991-жылы туулган Р.А. аттуу жаран башкарып бараткан. Унааны текшерүү учурунда, айдоочунун жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган, тапанчанын документи бар-жогу текшерилип жатат. Ошондой эле, айдоочуга карата мамлекеттик номери жок унаа башкаргандыгы, коопсуздук курун тагынбагандыгы жана укук коргоо кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн административдик протокол түзүлүп, унаа айып аянтчасына токтотулган. Экөө тең ОИИБге алпарылып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлөт”, -деп билдирди Ош ОИИБинин маалымат кызматкери Жеңиш Ашырбаев.

 “Женгону” кармаган учурду жергиликтүү тургундар видеого тартып алган. Анда Досоновду спецназдын коштоосунда башка унаага отургузуп жатканын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости