www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны өткөн күндөргө салыштырмалуу дагы азайды. 22-июлга карата борбор калаадагы медициналык жайлар 3 миңден ашуун жаранды кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка  ылайык, акыркы суткада күндүзгү стационарларга 2 миң 905, түнкү стационарларга 581 жаран кайрылды. Соңку 3 суткада каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 63 миң 130 жаран күндүзгү медициналык жайга кайрылып, анын 330у ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарлар 4 миң 898 жаранды кабыл алып, 16сы бейтапканаларга жаткырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости