www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына кыргыз кызынын катышуусундагы видеону жарыялады, ал буга чейин кыргыз кыздарын башка улуттагы эркектер менен жолугушканы үчүн жазалоого чакырган.

Видеодогу киши буга чейин айткан сөздөрүнөн баш тартып, мекендештерин жаңжалды көтөрбөөгө үндөдү.

Видеодон аталган жаран аларга туура эмес маалымат жеткенин, мындай иш-аракеттерди токтотуу керек экенин айтканын көрүүгө болот.

«Мындай нерсенин токтотулу, кан төгүлүп кетсе жаман нерсеге алып келет», - деген ал.

Эске сала кетсек, буга чейин ИИМ Москвада чет өлкөлүк жарандар менен жолугуп жүргөн кыздарды жазалоого чакырган видео боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген.

2-3 күн мурда социалдык тармактарда Россияда жүргөн кыргызстандык жигиттер тобу чогулуп, Москвада чет өлкөлүк жарандар менен жолугуп жүргөн кыргыз кыздарды жазалоого чакырган видео тараган.

«ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын кыздарына карата күч колдонууга чакырган факт боюнча текшерүүнү баштады», - деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле милиция кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештердин кайрылууларын токтотууну талкуулашат.

 

Опубликовано Жанбаевом Нурланом Среда, 22 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости