www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүкканадан адамдын сөөгүн берүү тартибин өзгөртүшү керек.  Мындай пикирин Бишкек шаарынын тургуну Твиттердеги баракчасына жазды. 

Анын айтымында, алар кайтыш болгон чоң атасынын сөөгүн алуу үчүн өлүкканага барганда аларга башка адамдын сөөгүн берип коюшкан. 

"Кечээ бизге башка адамдын сөөгүн берип коюшуптур. Эгерде үй-бүлөбүз ооруп, айыкпаганда жана пакетти ачпаганыбызда анда биз башка адамды көмүп коймокпуз. 

Чоң атамдын сөөгү эч кимге берилбептир. Ошондуктан издегенге туура келген жок. Апам башка адамдын сөөгүн өткөрүп, чоң атамды алып кетти. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүкканадан адамдын сөөгүн берүү тартибин өзгөртүшү керек", - деп жазган жаран.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости