www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын Фараб шаарында банкоматтан акча алуу үчүн кезекте тургандар жаңжалдаша кетип, анын кесепетинен кезекте турган 65 жаштагы аял киши тебелендиде калып каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда Фараб шаарындагы "Дайханбанк" аттуу банкоматтын алдында болгон. Анда адамдар 45 градус ысыкта кезек күтүп турушкан. Катарда тургандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен. Анын кесепетинен кезекте турган аял тебелендиде калган. Маркум "Тез жардам" унаасында бара жатып көз жумган.
Ал эми банк кызматкерлери аял күн ысыкта кан басымы жогорулап кетип каза болгон деп билдиришкен. Узун кезек өлкө бийлиги банктардын санын кыскартып жаткандыктан келип чыккан.
Булак: NazarNews.kg