www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жумада 12 миңден көп ирет жол эрежеси бузулду

 Акыркы жумада республика аймагында 12 340 ирет жол эрежеси бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кабарлады.

Маалыматта кызматкерлер жол кырсыгы жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды өткөргөнү айтылат.

Рейддин жыйынтыгы төмөнкүдөй:

  • катуу айдагандар — 1 741;
  • тиешелүү документтерсиз унаа айдагандар — 200;
  • транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 4 997;
  • жасалма мамлекеттик номерлер үчүн — 7;
  • ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар — 7;
  • ээнбаштык кылган айдоочулар — 5;
  • жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 271;
  • автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 69;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 4420;
  • унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 41;
  • ичип алып унаа башкаргандар — 149;
  • айып короого токтотулгандар — 511. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости